Жаңылыктар
Текебаевди 2 айга камакка алуу чечими күчүндө калды
Кыргызстан жаңылыктары
Текебаевди 2 айга камакка алуу чечими  күчүндө калды

Биринчи Май райондук сотунун Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасы боюнча чыгарган чечими күчүндө калтырылды. Баш коргоо чараны өзгөртүү боюнча жактоочулардын өтүнүчүн Бишкек шаардык соту Ирина Воронцованын төрагалыгы астында аскердик сотунун имаратында карады.

Ага ылайык "Ата Мекен" фракциясынын лидери 25-апрелге чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайында кармалат. 9-мартта Ала-Тоо аянтында жана Бишкек шаардык сотунун алдында Текебаевдин тарапташтарынын митинги өтүп, соттун чечими чыккан соң тарап кетишти.