Жаңылыктар
Бишкекте сүмөлөк фестивалы өтөт
Маданият
Бишкекте сүмөлөк фестивалы өтөт

“Кыргыз тилектештиги” коомдук бирикмеси Бишкек шаарында Нооруз майрамына карата эл аралык сүмөлөк фестивалын өткөрөт.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага Кыргызстандын жети облусунан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан өкүлдөр келишет.

Сүмөлөк 20-мартта кайнатылып, 21-март - Нооруз майрамында элге таратылат. Сүмөлөк майрамы Бишкекте былтыр да уюштурулуп, 11 казанда бышырылган. 

Нооруз майрамындагы негизги тамак сүмөлөк катуу оттун үстүндө казанда кайнатылып, аны тынбай аралаштырып туруу керек. Сүмөлөк кайнатууга бардык каалоочулар келип кол тийгизе алат. Жана сүмөлөктү аралаштырып жатып, ар бири өз каалоо-үмүтүнүн орундалышын тилейт. Казанды тегеректеген эл, бала-чака жөн гана турбастан, оюн-зоок, ыр-тамаша менен көңүл ачышат.