Жаңылыктар
Абдыманап Кутушев кызматтан кетеби?
Саясат
Абдыманап Кутушев кызматтан кетеби?

Жогорку Кеңештин тармактык комитети парламенттин аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушевди кызматтан кетирүүнү талап кылууда. Буга Кутушевдин 10 ай аралыгында 8 жолу чет өлкөлөргө жасаган сапарлары себеп болду. 

Комитет ошондой эле Башкы прокуратурага да Жогорку Кеңештин аппаратынын документтерин жана каржы-чарбалык жагын текшерүүнү тапшырды. 

Ал арада талдоочулар башка мамлекеттердин тажрыйбасын колдонуу  максатындагы   иш сапарларга  баруудан саясат жасоонун кереги жок экендигин айтууда.

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"