Жаңылыктар
Парламентти таркатуу маселеси кызуу талкууда
Саясат
Парламентти таркатуу маселеси кызуу талкууда

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясына Жогорку Кеңештен кетүү сунушу айтылды. Буга фракция лидеринин өткөн аптадагы билдирүүсү себеп. Эл өкүлдөрү камактагы башкы ата-мекенчи Өмүрбек Текебаевдин парламентти таркатуу тууралуу пикирин угуу демилгесин колдогон жок. 

Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча талкууларды “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидеринин өткөн аптадагы пикириy жандантты. Төрөбаев парламент маанилүү маселелерди карабаса, таркап кеткени жакшыраак деген. Андан көп узабай президент Алмазбек Атамбаев  бул демилгени колдой турганын билдирген эле. Муну өлкө башчысы депутаттар мыйзам чыгарбай эле, ушак таркатуу менен алек болуп жатат деп түшүндүрөт. Эми талкууга себепчи болгон саясатчыга фракциясы менен Жогорку Кеңештен кетүү сунушу айтылды. 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов “Ата-Мекен” фракциясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин парламентти таркатуу тууралуу пикирин окуп берүү өтүнүчү колдоо тапкан жок. Быйыл боло турган президенттик шайлоону эске алганда парламентти таркатуу чындыкка жакын эмес экенин айткандар арбын. Жогорку Кеңештеги “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов эки шайлоо ашыкча экенин белгилейт. Ошондой эле парламентти таркатууга себеп болгон көрүнүштөр жок экенин айтууда.

Депутаттардын демилгеси менен өзүн-өзү таркаткандан сырткары парламенттин ишине чекит коюга президенттин да мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, ага жүйөөлүү себептер болушу керек. Эгемендүүлүк учурунда Жогорку Кеңеш 3 ирет мөөнөтүнөн мурда таркатылган.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"