Жаңылыктар
Республиканын түштүгүндө жазгы талаачылык жумуштары башталды
Айыл чарба
Республиканын түштүгүндө жазгы талаачылык жумуштары башталды

Талаага кош чыгып, өнөктүктү уюшкандыкта өткөрүү үчүн керектүү күйүүчү жана майлоочу майлар менен камсыз болгон. Жаз эрте келген Баткен жана Ош облусунун бир катар райондорунда айдап-себүү жумуштары күч алган. Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун айылында  38 трактор жазгы талаачылык жумуштарына тартылган. Өнөктүк үчүн зарыл делген  күйүүчү майдын кору жетиштүү экенин Маргун айыл аймагынын башчысы Медербек Баетов кабарлады.   

Ош, Жалал-Абад жанап Баткен облустарынын райондорунда жазгы талаачылык жумуштары кызуу башталды. Өнөктүккө катыша турган айыл чарба техникаларын керектүу күйүүчү  май жана техникалык тетиктер меен камсыз кылуу жагы чечилгенин адистер эске  салышат.   

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"