Жаңылыктар
ЕАЭБке кирген өлкөлөр мунай жана газды арзан сатып алууну көздөөдө
Экономика
ЕАЭБке кирген өлкөлөр мунай жана газды арзан сатып алууну көздөөдө

Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөр мунай жана газдын жалпы рынокторун колдонууга тийиш. Мындай пикирин маалымат жыйынында эксперттер билдирип чыгышты. Алар Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык жыйынында Беларуссия менен Орусиянын өкмөт башчыларынын диалогдору бирдиктүү мунай, газ жана транспорттук рынокту түзүү зарылдыгынан кабар берүүдө-деп эсептешет.

Эске салсак, 7-мартта Бишкекте өткөн Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык жыйынынында Белорус премьери Андрей Кобяков Белоруссия биримдикке толук кандуу мүчө болгондон бери тоскоолдуктар алынбай жатканына токтолгон болчу. Атап айтканда, эки негизги маселе боюнча пикир келишпей жатат. Ага күйүүчү май жана газга болгон баа себепкер болууда. Анткени баалар 2016-жылы кескин жогорулаган. Андыктан бул көрүнүшкө Беларуссия тарап тынчсызданып жатканы айтылган.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"