Жаңылыктар
Ѳлкѳ боюнча 8 миӊ өспүрүм балдар үйлөрүндө тарбияланат
Кыргызстан жаңылыктары
Ѳлкѳ боюнча 8 миӊ өспүрүм балдар үйлөрүндө тарбияланат

Анын ичинен 4 пайызы гана тоголок жетим болсо калгандары ата-энеси укуктан ажыратылгандан кийин келгендер жана мигранттын балдары. Ар бир бала ата-эне мээримин көрүп чонойушу керек. Бул багытта өкмөт КРнын Балдар жөнүндө кодексинин 80-беренесине ылайык,  багып алуучу (фостердик) үй-бүлө институту механизмин киргизүү максатында токтом бекиткен. Ага ылайык, бүгүнкү күндѳ балдар интернаттарын жоюу үчүн атайын мониторинг жүргүзүлүүдѳ. Бул боюнча вице-премьем министр Чолпон Султанбекова ар бир облуста иш сапарын менен жүрүп жатат.  Учурда вице премьер министир  Ысык-Кѳл облусунда болуп, балдар үйү жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар реабилитациялык борборлор менен таанышты. 

Айсулуу Бакыт кызы, "Биринчи радио"