Жаңылыктар
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы өтөт

27-марттан 2-апрелге чейин Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы өтөт. Иш-чараны Улуттук банк жыйырмадай каржы уюмдары менен биргелешип уюштурууда.

Анда жаштарга акчага кандай мамиле кылуу керектиги, каражат сактоо жана сарптоо маданияты жөнүндө кеңештер айтылат.

Өнөктүк алдында мектептердин, улан-кыздардын арасында акча колдонуу маданиятына арналган атайын сынактар жарыяланган. Жеңүүчү мектептерге жабдуулар берилип, мыкты деп табылган өспүрүмдөргө банктан депозит ачылат.