Жаңылыктар
Ички иштер органдарындагы реформаны ишке ашыруу зарыл
Кыргызстан жаңылыктары
Ички иштер органдарындагы реформаны ишке ашыруу зарыл

Укук коргоо тармагындагы реформаны натыйжалуу ишке ашыруу зарыл. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алганда айтты. 

Жолугушууда мамлекет башчысына укук коргоо органдар системасын реформалоо алкагында аткарылып жаткан чаралар комплекси тууралуу маалымат берилди. Улан Исраилов президентке өзгөчө өлкөнүн өтө тыгындуу жол тилкелеринде кыймыл коопсуздугун арттыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди. 

Мамлекет башчысынын айтымында, укук тартиби органдары өлкөнүн, анын экономикасынын жана коомдун өнүгүү деңгээлине төп келип, өзүнө тагылган милдеттерди кынтыксыз аткарууга жана жарандардын талаптарына жооп берүүгө тийиш.