Жаңылыктар
Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мыйзам талкууда
Кыргызстан жаңылыктары
Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мыйзам талкууда

Вице-премьер министр Жеңиш Разаковдун катышуусунда “Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү” боюнча мыйзамдын жаңы редакциясы талкууланды. 

2013-жылы кабыл алынган мыйзамда кемчиликтер жана беренелердин бири-бирине карама-каршы келүүсү аныкталган. Мындан улам, Ички иштер министрлиги мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын иштеп чыккан. Буга кошумча Кылмыш кодекси жана Кылмыш процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору даярдалган. Талкуу учурунда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө укуктуу 6 кызмат өкүлдөрү ой-пикир, сунуштарын билдиришти.

“Атайын милдеттерди коюу боюнча жөнөкөй адамдарга иштете албайт экенбиз, биринчиси ошонусу өзгөрөт. Экинчиси, эски мыйзам долбоордо чындыгында административдик кодексте жазылгандай эле чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдарды кылмыштуу топторго тиешеси бар болсо, Кыргызстандын аймагынан чыгарылсын деп жазылып калган. Бул кодексте көп жерлери туура эмес экен”,- дейт вице-премьер министр Жеңиш Разаков.