Жаңылыктар
Депутат Садык Шер-Ниязга КТРК жамааты нааразычылык билдирет
УТРК жаңылыктары
Депутат Садык Шер-Ниязга КТРК жамааты нааразычылык билдирет

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбековго КТРКнын жалпы жамаатынын атынан кайрылуу. 

       2017-жылдын 1-мартындагы Жогорку Кеңешинин жыйынында, депутат Садык Шер-Нияздын КТРКнын башкы директору И.М.Карыпбековдун автокырсыктан жабыркап , оор абалда жаткандыгына каймана табалап агрессивдүү сүйлөшүү жана коомдук телевидениенин ишмердүүлүгүнө кемсинткен тондо мамиле кылышы КТРКнын коллективин нааразы кылгандыгын билдиребиз .

КТРК технологиясы татаал жана эфир үчүн жүздөгөн кызматкер иштеген ири корпорация, эфирге чыккан материал үчүн коллектив жетекчилигик менен бирдей деңгээлде жооптуу. Ошондуктан коомчулук тарабынан айтылган сын-пикирди коллектив дайыма өзүнө алат, бирок айрымдардын текебер мамилеси эч качан кабыл албасын  айрыкча баса белгилегибиз келет.

ЖК КР депутаты Садык Шер-Нияз КТРКнын эфиринде чыгып сүйлөгөн активдүү адамдардын бири. Ал киши эфирдин спецификасын билбесе бир жөн эле. Анан билип туруп, жетекчибиз оор абалда жаткан учурдагы айткан сөзу адамкерчиликке да жана мамлекеттик кызматкердин этикасына да жатпайт. Жогорку Кеңештин трибунасында айтылган ар бир сөзү үчүн депутаттар жооптуу деп ойлойбуз. Ошондуктан депутат Садык Шер-Нияздын келекелеген бул мамилесин Жогорку Кеңештин этика боюнча комиссиясы карап чыгып, КТРКнын коллективине кат жүзүндө жооп берет деп ишенебиз.

Дагы бир орундуу жагдай “Ата-Мекен” партиясынын жактоочулары КТРКнын алдына келип, депутат Садык Шер-Нияздын позициясын илип алып биздин жетекчибиз И. Карыпбековго “өлүм” тилешинин өзү партиядагы салтка жатпаган көрүнүштөн кабар берет. Биз мына ушул окуялар коомго терс таасирин тийгизип, адамдарды иренжитип жаткандыгын да баса белгилейбиз.