Жаңылыктар
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө салым кошкондор сыйланды
Маданият
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө салым кошкондор сыйланды

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө салым кошкондор сыйланды. Өлкөдө өткөн ири спорттук жана маданий иш чараны өткөрүүгө жаш кары дебей кол кабыш кылгандардын эмгеги бааланды. 

Сыйлыктарды жана ыраазычылык каттарды мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жана президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков тапшырды. 

Премьер-министр-президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен өткөн көчмөндөр оюндары 2016-жылдын көрүнүктүү окуясы болгонун белгиледи. Салтанаттуу иш чаранын жүрүшүнөн кабарчыбыз Нургуль Жумабекова баяндайт.

Көчмөн элдин көөнө маданиятын, кулк мүнөзүн, жашоо-турмушу менен тарыхын чагылдырган  тасма дүйнө элинин назарында болду.