Жаңылыктар
Ош шаарындагы жалгыз төрөт үйүнүн имараты талашка түшүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарындагы жалгыз төрөт үйүнүн имараты талашка түшүүдө

Жарым миллион калкы бар Ош шаарында бир гана мамлекеттик төрөт үйү бар. Мындан улам, аталган жайда орун тартыш. Муну менен катар төрөт үйүнө караштуу имарат талашка түшүүдө. 

Ош шаарында жеке менчик төрөт үйлөрдү эсепке албаганда, бир эле мамлекеттик төрөт үйү бар. Дал ушул эле төрөт үйү- ара төрөлгөн балдарды жана ара төрөп коюу коркунучундагы энелерди кабыл алуучу жападан жалгыз борбор иретинде да кызмат өтөп келет. 10 бөлүмдөн туруп, 190 орунга ылайыкташкан бул жай- жеке эле Ош шаарын эмес, түштүк аймактагы же, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын да тейлейт. 

Кара-Суу районунун тургуну Самарага экинчи ирет эне болуу бактысы буйруду. Төрөт оор болгон менен учурда, эне менен баланын ден-соолугу жакшы. Болгону, палатадагы орун тартыштыгы ыңгайсыздык жаратууда.

Көз жарган энелердин 56 пайызын Ош шаарынын каттоосунда тургандар ээлесе, калган 44 пайызын үч облустагы ар кайсы райондук гинеколог -дарыгердин атайын багыттамасы менен келген энелер түзөт. Мамлекеттин бюджеттен төрөт үйүнө деп бөлүнгөн каражат - шаардын туруктуу жашоочулары үчүн гана эсептелингене карабай, борбор түштүк аймактагыларга акысыз кызмат көрсөтүп келет.

Дарыгерлер- орун тартыштыгы эне менен баланы физикалык жана психикалык жактан гана жабыркатпастан, ар кандай инфекциялдык кабылдоорлорго дуушар кылышы мүмкүн экендигин белгилейт. Дал ушундай шарттар - соңку учурдагы ымыркайлардын «чарчап калууларына» кыйыр да болсо, таасирин тийгизээрин киндик энелер билдирет.

Бирок, төрөт үйүнүн кошумча эки корпусу бар. Тилекке каршы, учурда экөө тең бош эмес. Биринчисинде- акушерлик жана гинекология кафедрасынын окуу корпусу жайгашса, экинчи бөлүгү - баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматына ижарага берилген. Мындан төрт ай мурда , Ош шаардык кеңеши экинчи имаратты төрт үйүнүн карамагына өткөрүү токтомун кабыл алган.

Ош шаардык шаар куруу жана муниципиалдык менчик бөлүмү -баңги заттарга каршы күрөшүү кызматына ижарага берилген корпусту бошотуу туурасындагы эскертүү кагазын бир эмес, бир нече ирет жолдогонун билдирет. Ал эми, аталган кызматтын өкүлү болсо - көчпөй жаткандын жүйөөлү себептери бар экендигин айтат.

Өткөн 2016-жылы аталган төрөт үйүндө 9117 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Мунун 12 пайызын ара төрөлгөн балдар түзгөн.