Жаңылыктар
Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" сөзү жок сахналаштырылды
Маданият
Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" сөзү жок сахналаштырылды

Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинин негизинде "Талаа" спектакли сөзү жок сахналаштырылды. Чыгармадагы ар бир сөз ылайыктуу жесттер менен алмаштырылган. Мындай жанрдагы спектакль Кыргызстанда биринчи жолу коюлганы турат. 

Бул жерде сөз жок, сөздүн кереги да жок. Себеби, эненин сүйүүсүн сүрөттөөгө эч кайсы сөздүн кудурети жетпейт. “Саманчынын жолу” чыгармасындагы согуш, жоготуу, кан какшаткан күйүт, ачарчылык, тынымсыз эмгектенүү, үмүт - мунун баары кыймыл-аракет менен түшүндүрүлөт.

Орусиялык режиссёр Евгения Акс бул тилди пластикалык же графикалык тил деп атайт. Ал Айтматовдун чыгармасын жөн жерден тандап алган эмес. Жазуучунун чыгармаларында чоң философия камтылганын белгилеп, мыкты адамдык сапаттарды дал ушул чыгармалардан кезиктирсе болорун айтат режиссер.

"Саманчынын жолу" повестинин негизинде сахналаштырылган "Талаа" графикалык сюитасында Орусиянын жана Кыргызстандын 30дай артисттери роль ойношот. Ал эми орус улуттук драма театрында, дегеле Кыргызстанда мындай жанрдагы спектакль биринчи жолу коюлуп жатат.

Субанкулдун ролун Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Болот Тентимишов ойнойт. Сөз кудуретин жест менен алмаштыруу түйшүктүү эмгек болду дейт ал.
Бул спектакль Москвада да көрсөтүлөт. Андан сырткары, түрдүү чет элдик сынактарга катышуу пландалып жатат. Спектаклдин премьерасы 18-19-март күндөрү орус драма театрында болот.