Жаңылыктар
Сабырдуу жана билимдүү коомду калыптандыралы
Кыргызстан жаңылыктары
Сабырдуу жана билимдүү коомду калыптандыралы

Президент Алмазбек Атамбаев «Ыйман» руханий маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековду кабыл алды. 

Жолугушууда мамлекет башчысына диний кызматкерлерди кайра даярдоо жана адистигин арттыруу, өлкөдөгү чыгармачыл адамдардын жакшы идеяларын кеңири жайылтуу боюнча «Ыйман» фонду аткарып жаткан иштер тууралу маалымат берилди.

Кадырбековдун айтымында, 2015-жылы долбоор башталгандан бери 2 миңден ашуун имам зарыл табият-илимий билимдерди алып, диний жана светтик сабатын көтөрүштү. Президент жарандардын руханий маданиятын өстүрүүдө жана өлкөдө саламаты чың, сабырдуу жана билимдүү коомду калыптандырууда «Ыйман» фондунун ишинин маанисин баса белгиледи.