Жаңылыктар
Жүк ташуучулардын көйгөйүн чечүү боюнча кеңешме өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Жүк ташуучулардын көйгөйүн чечүү боюнча кеңешме өттү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын аймагындагы кыргыз жүк ташуучуларынын айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйынга Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов катышты. Калилов маалымдагандай, буга чейин министрликке жүк ташуучулардын өкүлдөрү кайрылып, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунда бажы пунктунда 100 жакын жүк ташуу унаалары турганын, автоунаалардын чиркегичтери жана жарым чиркегичтери брезент менен жабылганына байланыштуу жүктөөгө тыюу салынганын айтышкан.

Бирок бул боюнча расмий билдирүү келип түшкөн эмес. Азыркы учурда министрликтин кытай тарапка жолдогон суроосуна жооп келе элек. Кеңешменин жыйынтыгында, Транспорт жана жолдор министринин орун басарын кырдаалды иликтөө максатында Кытай мамлекетине жөнөтүү, ошондон кийин гана тийиштүү чаралар көрүлсүн деген чечим кабыл алынды.