Жаңылыктар
Жалал-Абад шаар аймагында жер көчкү жүрүү коркунучу жаралды
Өзгөчө кырдаал
Жалал-Абад шаар аймагында жер көчкү жүрүү коркунучу жаралды

Жалал-Абад шаарынын Курорт аймагында жер көчкү жүрүү коркунучу пайда болду. Бул аймакта буга чейин да эки жолу коопту жагдай жаралып, өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2004-жылы толугу менен коопту аймак деп чечим чыгарган.

Жаздын келиши менен жер көчкү активдешип, жаракалар пайда боло баштады. Буга быйыл кардын көп жаашы жана жер астынан чыккан суулар себеп болду, - дешет адистер. Учурда коопту аймакта 26 турак жай бар.

“Жыл сайын ӨКМ жана жергиликтүү бийлик тарабынан коопсуз жайга көчкүлө деген эскертүүлөр берилип келет. Айтып кетчүү жагдай, бул жашоочуларга шаар бийлиги жер тилкесин чечип берген. Андан сырткары, буларга мамлекет тарабынан суда да берилген. Бирок ошого карабастан көчпөй келишүүдө”,- деп билдирди ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы мониторинг департаментинин башкы адиси Топчубек Изабеков.