Жаңылыктар
"Жүзүмө түкүрбө - мекендешим" акциясы башталды
Кыргызстан жаңылыктары
"Жүзүмө түкүрбө - мекендешим" акциясы башталды

Бишкекте "Жүзүмө түкүрбө - Мекендешим" акциясы башталды. Аны "Ыйман" фонду "Ыйман, адеп жана маданият" жылынын алкагында уюштурууда. 

Активист жаштар, студенттер, дегеле өлкө келечегине кайдыгер карабаган жаштар таң эрте Ишеналы Арабаев атындагы университеттин алдына чогулду. Алардын максаты-борбор калаанын көчөлөрүнө чыгып, жарандарды тазалыкты өзүнөн баштоого чакыруу. Кайсыл топ, кайда бараары такталып, бөлүштүрүлгөн соң чакан желектерди, тазалыкка чакырган баракчаларды көтөрүп жолго чыгышты.

Иш-чара бүгүнкү күн менен эле токтоп калбайт. Ал аймактарга да жайылтылып, жарандар көчөдө баратып таштанды таштабай, түкүрбөй калганга чейин улана берет.