Жаңылыктар
"Манас таануу" теле таймашы Талас облусунда өттү
Билим
"Манас таануу" теле таймашы Талас облусунда өттү

"Манас таануу" интеллектуалдык теле таймашы Талас облусунда өттү. Облус аймагынан тандалып чыккан топ финалдык оюнга катышат. Бул үчүн 8 команда күч сынашты. Теле таймашка жетинчиден жогору класстын окуучулары катышты. 

Окуучулар арасында "Манас" эпосу боюнча акыл-эс таймашы кызуу жүрдү. Мыкты даярдыгын көрсөткөн 2 командага китептер жана планшет белекке берилди. Интеллектуалдык теле таймаштын жыйынтыгында, Кара-Буура районундагы лицейдин окуучулары биринчиликти багындырды. Бул саамалыктын башкы максаты "Манас" эпосун жаштарга таанытуу жана жайылтуу.