Жаңылыктар
Кыргызстан элдер ассамблеясы ар улуттун элдеринин спартакиядасын уюштурду
Саясат
Кыргызстан элдер ассамблеясы ар улуттун элдеринин спартакиядасын уюштурду

Бул Кыргызстандын эгемен тарыхында улуттардын ортосундагы спартакиадасы биринчи жолу өтүп жатат. Анда өлкөдө жашаган жыйырмадай улуттун өкүлдөрүнүн командалары таймашты. Спартакиада Ыйман, адеп жана маданият жылынын урматына, ассамблеянын демилгеси менен өкмөттүн колдоосу астында өттү. Иш чара ынтымак-ырашкерчиликти бекемдөө, достукту чыңдоону максат кылат.

“Биз Кыргызстанды сүйөбүз, Кыргызстан биз менен сыймыктансын!” деген ураанды карманган спартакиада “талаш-тартыш спорттук талаада гана болушу керек” деген түшүнүктү өзүнө алат. Кыргызстан элдер ассамблеясынын биринчи спартакиадасы эгемен тарыхта алгачкы жолу өткөрүлүп жатат. Аны ассамблея уюштуруп, өкмөт колдоого алган. Кыргызстан элдер ассамблеясынын  төрагасы Токон Мамытов башкы максат элдердин ортосундагы достукту бекемдөө, ынтымакты чыңдоо болуп саналарын айтат.

Ар улуттун эли дайыма ынтымак-достукта, бири-биринин ал-акыбалын сурап жашагандын өзү чыныгы бакыттын үлгүсү дешет Спартакиаданын катышуучулары. Жеңүүчүлөр баалуу белектер, ардак грамоталар менен сыйланды. Алдыда  спартакиаданын популярдуулугун арттыруу, форматын кеңейтүү максаттары бар экенин уюштуруучулар белгилешти.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"