Жаңылыктар
Чет элдик мигранттарга кесиптик деңгээлине жараша эмгек квоталар берилет
Экономика
Чет элдик мигранттарга кесиптик деңгээлине жараша эмгек квоталар берилет

Кыргызстанга келе турган чет элдик эмгек  мигранттарынын  кесиптик  деңгээлине жараша  эмгек  квоталарын берүү максатталууда. Бул тууралуу  мамлекеттик миграция  кызматынын төрагасы  Алмазбек  Асамбаев  “Биринчи радиого” билдирди. Анын айтуусунда,  жыл  сайын  өкмөт  тарабынан 13 миңге  чукул  эмгек квотасына  уруксат берилет. Келе турган  чет өлкөлүктөрдүн  80%  дан  ашыгы  кытай жарандары. Кыргызстандыктардын арасында  мамлекеттик деңгээлдеги  ири  курулуш  иштерине  адистер жок болгондуктан,  бүгүнкү  күндө  Кытай  компаниялары  жүздөгөн  кыргызстандыктарды   кесиптик билим алууга  Кытайга  жиберишти.

  Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары  Алмазбек  Асамбаев, кийинки жылдан баштап,  Кыргызстанга келе турган чет өлкөлүк  эмгек  мигранттарынын кесиптик  деңгээли  караларын, тактап айтканда, жогорку  квалификациялуу жана орто кесиптеги адистер, жеке ишкерлер  жана соода  тармагындагы  чет элдик жарандар болуп  бөлүнөрүн,  ошого жараша  эмгек  квоталарын берүү жагы учурда  каралып жаткандыгын  кошумчалап кетти.