Жаңылыктар
Кыргызстанда диний чөйрөдө абал кандай?
Дин
Кыргызстанда диний чөйрөдө абал кандай?

Мамлекеттин бул тармактагы саясатын ишке ашырууда кандай иштер аткарылууда? Бул багытта Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тегерек столдо талкуу уюштуруду.

Анда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты концепсиясынын негизги багыттары тууралуу сөз жүрдү. Бул багыттагы иштерди жүзөгө ашыруудагы мамлекеттик органдарындын өз ара аракеттери белгиленди.

Учурда дүйнөгө кулачын жайып жаткан экстремизм, радикализмдин алдын алуу маселеси да талкуунун өзөктүү темаларынан болду.

Диний чөйрөдөгү реформалардын алкагында Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгында имамдарды аттестациядан өткөрүү, ажылыкты уюштуруудагы иштерди жөнгө салуу маселелери талкууга алынды.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"