Жаңылыктар
Типография жетекчилери камакта калды
Өзгөчө кырдаал
Типография жетекчилери камакта калды

Москва шаардык соту кыргызстандык кыздар өрттөн каза тапкан басмакананын директорун жана инженерин 27-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. 

Өрт өткөн жылдын 27-августуна караган таңда Орусиянын Москва шаарынын түндүк-чыгышындагы Алтуфьевск шоссесиндеги басмакананын жүк саткоочу имараттарынын биринде болгон. Өрттүн кесепетинен 17 кыз-келин каза тапкан. Анын он төртү кыргызстандыктар болгон. 

Мурда алар имарат ичинде камалып калганы айтылып, кийинчерээк имараттын жатак бөлмөсүндө түтүнгө ууланып каза тапканы белгилүү болгон. Сергей Москвин жана Антон Яцков өрт коопсуздугунун талаптарын сактабаган деп айыпталууда.