Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарынын ички жолдорунун абалы жакшы эмес
Экономика
Жалал-Абад шаарынын ички жолдорунун абалы жакшы эмес

Жалал-Абад шаарынын ички жолдорунун 50 пайызынын абалы жакшы эмес. Бул тууралуу шаардагы айдоочулар айтып чыгышты. Мэриянын маалыматына ылайык былтыркы жылда 70тен ашуун көчө жамалып   оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп 22 миллион каражат сарпталган. Бирок бүтөлгөн көчөлөр деле көп узабай мурдагы абалына кептелет. Мындай жолдордо жүргөн унаалардын тетиктери бат эле бузулаарын тургундар белгилешет. 

Жалал-Абад шаары боюнча жалпы 400дөй жолдор бар. Анын 28 негизиги көчө болуп эсептелет. Былтыркы жылы шаарда 70тен ашуун ички көчөлөр жамалган. Ага жергиликтүү бюджеттен 22 миллион каражат сарпталган. Ал эми 2017-жылга болсо жолдорду ондоп тузоо жумуштарына болунуучу каражат азырынча чечиле элек.

Талгат Бакиев, "Биринчи радио"