Жаңылыктар
Патрулдук милицияга айдоочулар нааразы
Кыргызстан жаңылыктары
Патрулдук милицияга айдоочулар нааразы

Кайсы жерде болбосун жол коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөрдөн айдоочулар айбыгып турат. Бир  жагынан бул жол кырсыктарын алдын алууга өбөлгө түзсө, бир жагынан андай эмес. Патрулдук милиция кызматкерлери кыймыл көп жерде турбай, баш аламан туруп алып,  айдоочуларды тосо бергени коомчулукта талкууланып бүтпөгөн тема. Бирок расмийлердин да өздөрүнүн жообу бар. 

Ош шаардык патрулдук милиция кызматкерлерин күн сайын жол чырактардан алыс эмес жерлерде турганын көрүүгө болот. Бул албетте жөө жүргүнчүлөргө убагында жол берип, эрежелердин бузулушун алдын алат. Бирок ошол эле учурда унаа кыймылдары тынбаган жолдор көзөмөлсүз калууда. Мисалы Масалиев, Навои көчөлөрүндө күн сайын транспорттордун тыгыны жаралып, айдоочу, жүргүнчүлөрдү жүдөтүп бүттү дешет айдоочулар.

Белгилей кетсек, патрулдук милиция курамы шаар боюнча 15 багытта автоунааларды көзөмөлгө алышат. Айдоочулар алардын дивлокациялары менен таанышып, белгиленген кварталда турбаса жетекчилигине арых менен кайрылууга укугу бар. Эгерде мынтип талап баш ийбегендер катталса, мыйзам чегинде жоопко тартуу каралган.

Асанбек Пазыл,  "Биринчи радио", Ош шаары