Жаңылыктар
Ат-Башыдагы калың кардан эки үйдүн чатыры жабыркады
Өзгөчө кырдаал
Ат-Башыдагы калың кардан эки үйдүн чатыры жабыркады

Нарын облусунун Ат-Башы районун Ат-Башы айылында калың жааган кардан улам эки үйдүн чатыры түшүп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

11-марттан 12-мартка караган түнү аймакка кар калың түшкөн. Ат-Башы айылынын Чеч-Дөбө жана Абыкеев көчөлөрүндөгү эки үйдүн чатыры кардын салмагын көтөрө албай кулап калган. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө.