Жаңылыктар
Кыргызстандык балбан Муслим Евлаев жеңишке жетти
Спорт
Кыргызстандык балбан Муслим Евлаев жеңишке жетти

Кыргызстандык балбан Муслим Евлаев Түркияда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште жеңишке жетишти.

Евлаев 74 кг салмактык категорияда күрөшкөн. Атаандаштарынын баарын жеңген Евлаев финалдык беттеште россиялык балбан Хетиг Цабалов менен күрөшүп, жеңишке жетти. Мелдешке катышкан россиялык эки балбан коло медалга ээ болду.