Жаңылыктар
Улуттук кызыкчылыкты коргогон тышкы саясатты кармануу зарыл
Саясат
Улуттук кызыкчылыкты коргогон тышкы саясатты кармануу зарыл

Кыргызстан улуттук кызыкчылыкты коргогон жана көздөгөн тышкы саясатты кармануусу керек. Бул тууралуу бүгүн “Евразия чөлкөмүндөгү саясий абал жана анын Кыргызстанга тийгизген таасири” атуу тегерек отурумда айтылды. Саясат талдоочулар дүйнөдө болуп жаткан саясий кырдаалды талкуулоо менен Кыргызстандын жүргүзүп жаткан тышкы саясатын жана эл аралык мамилелердин багытын талдоого алды.

Акыркы 20 жылдыкта, дүйнөлүк алкакта эл аралык терроризм күч алып, аны менен тыгыз байланышкан экстремисттик топтор Евразия чөлкөмүндөгү мамлекеттерге, анын ичинде Борбордук Азияга да өз таасирин тийгизип жатат. Андан сырткары бир катар мамлекеттерде экономикалык каатчылык жана саясий кырдаалдар курчуп турган маалда Кыргызстан тышкы саясатты жүргүзүүдө эң биринчи улуттук кызыкчылыкты көздөгө тийиш экендигин саясат талдоочулар белгилейт. Эл аралык мамилелерде, соода-экономикалык алакаларды түзүүдө алгач мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынуусу зарыл, дейт саясатчы Адахан Мадумаров.

Кыргызстандын бийлиги, өкмөт жана Парламент кайсыл мамлекет менен кандай мамиледе болорун алгач аныктап алуусу зарыл. Мындай пикирин мурунку Вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Маселен Орусия менен аскерий-саясий кызматташуу, АКШ менен экономикалык-финансы багытында мамиле куруу. Ошол эле Түркия, Кытай менен соода-сатык тармагында тыгыз иштешсе, коңшу мамлекеттер менен достук мамиледе болуусу керек.

Кыргызстан эгемендүүлүктү алган жылдары эле, өлкөнүн тышкы саясатынын негизги приоритеттүү багыттарын аныктаган. Республика тышкы саясатында КМШ, анын ичинде өзгөчө Борбордук Азиянын өлкөлөрү менен байланышты күчөтүүгө маани берген. Андан сырктары өлкөнүн Орусия менен мамиле өзгөчө орунда турат. Ошондой эле Кыргызстан эл аралык деңгээлдеги кадыр-барктуу Шанхай кызматташтык уюму, БУУ, ОБСЕ жана ЮНЕСКО сыяктуу бир катар уюмдарга мүчө болууга жетишти. Учурда дүйнөнүн көпчүлүк өнүккөн мамлекеттер менен соода-экономикалык багытта тыгыз кызматташып келет.