Жүк ташуучулар менен түзүлгөн абалды териштирүү үчүн Кытайга кыргызстандык делегация жөнөп кетти. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти. Буга чейин жөнөтүлгөн расмий кайрылууга жооп келген эмес. Эске салсак, Кытай 1-мартта тартып жүк ташуучу унааларды контейнерлер менен камсыздоону талап кылды. Бирок бул тууралуу алдын ала эскертилбигендиктен 100гө жакын кыргызстандык унаалар өтө албай туруп калган.
Жаңы талапка ылайык унааны темир сандык кылып өзгөртүүдө көлөму дагы өзгөрүп кетерин адистер айтышууда. Мунун натыйжасында башка мамлекеттерге кирүүдө тоскоолдуктар жаралышы ыктымалдыгын эске салган Талант Садакбаев, маселени ар тараптуу кароо зарылчылыгы турганын айтат.
Мээрим Абдрамонва, "Биринчи радио"