Жаңылыктар
Электр энергияга болгон баалар көтөрүлбөйт
Экономика
Электр энергияга болгон баалар көтөрүлбөйт

Кыргызстанда электр энергияга болгон баалар көтөрүлбөйт. Өкмөт апрель айында электр энергиясынын тарифтерин көтөргөнү жатат-деген маалымат  чындыкка дал келберин «Биринчи радиого» Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттиги ачыктады.

Буга чейин бекитилген планга ылайык, 2016-жылдын август айына чейин эч кандай тариф саясатында өзгөрүүлөр болбойт. Бүгүн болсо,  эл өкүлдөрү  жазында электр энергияга болгон баалар көтөрүлөт-деген жаңылыкты угуп, каршылыгын билдирип чыгышты. Ал арада жергиликтүү серепчилер тариф саясаты кайрадан каралбаса, тармактын келечеги туңгуюкка кептелиши ыктымалдыгын айтышууда.

Эске салсак, соңку ирет өлкөдө электр энергияга болгон тарифтер былтыр август айында өзгөртүлгөн. Азыркы күндө кыргызстандыктар 700 киловатт-саатка чейин 77 тыйын, 700 киловаттан ашкандар 2 сом 16 тыйындан төлөшөт.