Жаңылыктар
Балыкчы шаарында гемодиализ борбору ачылды
Ден соолук
Балыкчы шаарында гемодиализ борбору ачылды

Балыкчы шаарында 5 орундуу гемодиализ борбору ачылды. Бул борбор өкмөттүн жеке тараптар менен кызматашуусу долбоорунун алкагында ишке ашты. 

Мындай борборду ачуу демилгеси Балыкчы шаарынын тургуну Мирлан Исагалиев тарабынан көтөрүлүп, өз каражатынан жалпы он миллион сом бөлүп берген. Борбордо беш гемодиализ аппараты, суу тазалоочу система жана башка медициналык жабдыктар орнотулуп, эки дарыгер жана беш медайым иш алып барат. 

Белгилей кетсек, азыр Балыкчы шаарында жыйырма адам бөйрөк оорусу менен жабыркап каттоодо турат. Гемодиализдин жардамы менен жашаган жарандар, бир аптада 3 жолу - 4 сааттан аппаратка жатып, тазаланып кетишет. Мындан сырткары Кочкор, Тоң жана Ысык-Көл райондорунун тургундары да гемодиализ аппаратынын жардамын ала алышат.