Жаңылыктар
Түнкү рейдде милиция кызматкерлери менен журналист ур-токмокко кабылышты
Кыргызстан жаңылыктары
Түнкү рейдде милиция кызматкерлери менен журналист ур-токмокко кабылышты

Бишкекте жоон топ адам милиция кызматкерлери менен журналистке кол көтөрдү. Кайгуул милициясы жүргүзгөн түнкү рейд учурунда, эки жол сакчысы менен камерага тартып жүргөн журналист, эреже бузган унаанын артынан кубалап барып, ур-токмокко кабылышкан. Тирешүүнүн аягы эскертүү үчүн атылган ок атуудан кийин гана токтогон. 

Окуя 11-мартка караган түнү катталган. Катуу ылдамдык мененкеле жаткан унаа тосулганда, аны мас айдоочу башкарып жүргөнү аныкталган. Милиция чара көрүүгө аракет кылганда айдоочу баш ийбей каршылык көрсөтөт, ошол маалда коңшу үйлөрдөн бир нече адам жабыла келип, милиционерлерди тепкиге алышкан.

Ээнбаштардын жоругун камерага түшүрүүгө жан үрөгөн кабарчыны бир адам тактай менен башка чапкан.
Бейбаштык көрүнүштүн аягы эмне менен аяктамак белгисиз. Кол салгандар эскертүү огу асманга карай атылганда гана эсине келип, качып жөнөшкөн.

Ыкчам аракеттин негизинде 2 жаран кармалып милицияга камалган. Бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иши сотко өткөн. Бул берене боюнча мыйзамга моюн сунбаган адамдар 5 жылга чейин эркинен ажыратылмак. Бирок сот аларды 2 күнгө жеткирбей эркиндикке чыгарган.

Мурда милиция формасын кийген адамды көргөн адам жазганчу. Азыр жада калса кийимине асылып, жакалаша кеткен көрүнүштөр арбын. Милиция кызматы асманга ок чыгаруу соңку кезде көп катталып жатканын билдирет.

Учурда камактан чыгып кеткен 2 адамдан тышкары дагы 2 бейбаш издөөдө. Бул ачыкка чыккан көрүнүштүн бири десек болот. Тартип же эреже бузуп, милицияны тоготпой, моюн толгогон учурлар дээрлик күн сайын катталат.