Жаңылыктар
Мурдагы бийликтин кандуу кылмышы
Кылмыш
Мурдагы бийликтин кандуу кылмышы

2009-жылдын январь айы, каргашалуу окуядан эки ай мурун эле Медет Садыркулов президенттин аппарат башчылык кызматынан өз арызынын негизинде кеткен. 13-мартта Медет Чоканович авто кырсыктан каза тапты дегенге ишенгендер аз эле. Анткени бийликтин кырсык боюнча расмий версиялары эч бир чындыкка коошпой турган. Садыркуловду жок кылууга Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиевден тартып бир катар күч органдарынын генералдары жана катардагы кызматкерлерине чейин киришкен. 

Медет Садыркулов кызматынан кеткенден кийин оппозиция өкүлдөрү менен жолугуп, Бакиевдердин бийлиги эл камын эмес, жеке кызыкчылыкты көздөп калганын айтып, бийликтин мындай аракеттерин токтотуу аракетин көрө баштаган. Акыркы жолу ал Алматы шаарында болуп, Кыргызстанга жакын санаалашы, Стратегиялык изилдөөлөр институнунун жетекчиси Сергей Слепченко, айдоочусу Кубат Сулайманов менен кайтып келаткан. Ошол учурда Ак жол чек ара бекетинен үчөөнү атайын кызматтын кызматкерлери күч менен унаага салып кетишет. Бул түнү аларды Аламүдүн районундагы дачалардын бирине алып барып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн кийин кылмышка күнөөлүү деп табылгандардын бири көрсөтмө берген. 

Медет Садыркуловду жакындан билгендер аны мыкты уюштургуч, команда түзө билген, стратег, иш билги адис катары сыпатташат. Садыркулов жөнөкөй жумушчулуктан тартып Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими, салык инспекциясынын жетекчиси, эсеп палатасынын төрагасы, Кыргызстандын Ирандагы элчиси жана мурдагы эки президенттин учурунда тең администрация жетекчиси кызматтарында иштеген. Быйыл 13-декабрда ал 62 жашка толмок.  Серепчилер Садыркулов кезинде өзү түзгөн системасынын курмандыгы болуп калганын айтышат. Ал 2007-жылы Ак Жол партиясынын парламенттик шайлоодо жеңип келишине чоң салым кошкон. Медет Чоканович ошондо терең жаңылганын, бул катаны кайра оңдоо максатын койгонун айрым саясатчылар айтып жүрүшөт. 

Бакиевдердин бийлиги убагында ага каршы чыккан саясатчылар, ишкерлер, журналисттер менен кан менен эсептешип калган. Оппозициячыл журналист Геннадий Павлюкту Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери Алматыда 6 кабаттан ыргытып өлтүрүшкөнү далилденген. Ал эми дагы бир кабарчы Сыргак Абдылдаевге кол салуу болуп, денесине бир нече жолу бычак жеп, бирок аман калган. Кийин ал Швециядан баш паанек алып кетүүгө аргасыз болгон. Бакиевдер бийлиги учурунда орун алган мындай окуяларды санай берсе ондоп саналат.