Жаңылыктар
Санариптик телекөрсөтүүгө өтүү иштери кызуу жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Санариптик телекөрсөтүүгө өтүү иштери  кызуу жүрүүдө

Санарип темасын улай. Санариптик телекөрсөтүүгө өтүү иштери өлкө аймагында кызуу жүрүүдө. Тийиштүү жетекчилер жана адистер санарипке өтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы бир нече айылда радиотолкун такыр эле тартпайт. Ак Талаа районунун тургуну Эмилбек Жаналиевдин сыналгысы буга чейин 3 каналды араң көргөзчү. Ал да чыбырчыктап жакшы тартчу эмес. Кошуналарынын санарипке кошулуп жатканын көрүп, бүгүн ал атайын ресиверди алып келип кошту.
MEDIA1RIGHT
Райондогу дүкөндөрдө санарипке кошо турган ресиверлер сатылууда. Ар биринин сапатына жараша баасы да ар кандай. Эн негизгиси өлкөдөгү атайын органдары тарабынан тастыктай турган сертификаты болушу керек. Ак Талаа районунда жалпы 8 миңден ашуун түтүндүн 25 пайызы санариптик берүүлөрдү көрүп жатышат. Мындай ыкмага өтүүнү түшүндүрүү жана элет жериндеги радиотолкундун жетүү абалын билүү үчүн маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.

Райондо апрель айынан баштап, 7 айылга автоматтык түрдө иштей турган жабдыктар орнотула баштайт. Ал эми Ак-Талаа районундагы көпчүлүк айылдар тоо арасында жайгашкандыктан радиотолкундарды таркатууда маселе жаралууда. Бирок бул көйгөй кошумча шаймандарды орноткондон кийин жакшыраары айтылды. Ак-Талаа районунда 16 миңден ашык адам жашаган 8 айыл санариптик берүүгө кошула элек. Андыктан жергиликтүү бийлик бул маселени колго алышарын билдиришти. Белгилей кетсек Кыргызстан боюнча 15-майда аналогдук көрсөтүүлөр өчүрүлөт. Маалыматтар боюнча учурда өлкөнүн калкынын 95 пайызы санариптик көрсөтүүлөрдү көрө алышат.