Жаңылыктар
Мэр Албек Ибраимов Текебаевди сотто жеңди
Кыргызстан жаңылыктары
Мэр Албек Ибраимов Текебаевди сотто жеңди

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Өмүрбек Текебаевди сотто утуп алды. Биринчи май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидерин шаар башчысына 1 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирди. 

Текебаев мурда президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылына салдырып жаткан үйүнө байланыштуу билдирүү таратып, турак жай курулган ал жер Ибраимовдун аралашуусу менен мыйзамсыз өздөштүрүлгөнүн айткан. 

Бирок, калаа башчысы депутаттын айткандарын четке кагып, өз укугун мыйзамдуу коргоо максатында сотко кайрылган. Текебаевдин адвокаттары чечим менен макул эместигин билдиришти. Алар отурумга "Текебаев өзү да катышып отурушу керек болчу" - деген жүйөнү айтышты. Ал эми сот, жактоочуларда депутаттын ишеним кагазы болгондуктан, мындай чечим мыйзам чегинде чыгарылганын билдирди.