Жаңылыктар
Сарпашевге байланыштуу ишти иликтөө мөөнөтү узартылды
Кылмыш
Сарпашевге байланыштуу ишти иликтөө мөөнөтү узартылды

Тайырбек Сарпашевге байланыштуу ишти иликтөө боюнча мекемелер аралык комиссиянын иши 10-апрелге чейин узартылды. Ар тараптуу, дыкат иликтөө максатында жана соңку корутундуларды даярдоо үчүн кошумча документтерди өздөштүрүү зарылдыгы бар. 

Максим Бакиевге таандык делген Скрябин көчөсүндөгү жер тилкеси камакта болгонуна карабай сатылып кетишине байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөл органы бул ишке Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин тиешеси бар деген жүйө менен премьер-министр Сооронбай Жээнбековго аны кызматтан алуу өтүнүчү менен кайрылган болчу. 

Жыйынтыгында Сарпашев убактылуу кызматтан четтетилип, ишти иликтөө үчүн 10-февралда вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги менен мекемелер аралык комиссия түзүлгөн.