Жаңылыктар
Жашы жете элек кыздарды турмушка берүү көп катталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жашы жете элек кыздарды турмушка берүү көп катталууда

Жашы жете элек кыздарды турмушка берүү жагынан Кыргызстан - шериктеш өлкөлөр арасында биринчи орунда турат. Мындай пикирди «Аялдардын тынчтык банкы» фондусунун адистери айтууда. 

Адистердин пикиринде, 15 жаштан 17 жашка чейинки кыздарды күйөгө берген көрүнүштөр өлкөнүн бардык аймактарында, көбүнесе диний көз караштар үстөмдүк кылган айылдарда басымдуулук кылат. Турмушу талкаланган кыздардын укугун коргоодо ачык-айкындуулук көрсөтүп, так маалымат берүүнүн негизинде - Талас , Чүй облустары биринчи орунда тураары байкалган. Ал эми, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары бул көйгөйдүн «очогу» экенине карабай, «жабык» аймак катары, так көрсөткүчтү бербей келет.

Күйөгө эрте чыккан кыздар турмушка даяр эместигинен улам ажырашуулар да көп болуп жатканын адистер айтат. Оштогу «Ак-Жүрөк» кризистик борборуна жылына 100 аял кайрылса, анын 30ун 18 жашка толо элек кыздар түзөт. Өкүнүчтүүсү, кыздар өз укугун коргоого абдан кеч кайрылышкандыгында. Бардык көйгөй: мыйзамды кыйгап өтүп, диний жөрөлгөлөрдү жасап, молдого нике кыйдырып алып эле, нике күбөлүгүсүз жашап жаткандан келип чыгат.

Өткөн жылы Ош облусунун аймагында да ушундай беш учур катталган. Тергөө иштери кыздын ата-энеси же жакындарынын кийлигишүүсүнүн негизинде, ара жолдо калат же, таптакыр токтойт. Жердешчилик, тууганчылык сыяктуу куру намыстар жеңип кетет. Муну менен ата-энелер кызынын келечегине балта чаап жатканын аңдап биле беришпейт.

Бул көйгөйдү ооздуктоо максатында, өткөн жылдын 17-ноябрында кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилип, мыйзам расмий кабыл алынып, күчүнө кирди.

Мыйзамдын аткарылышын саламаттыкты сактоо кызматкерлери да колдойт. Анткени, Кыргызстан- балакатка жете элек кыздардын көз жарышы боюнча бир топ мамлекеттердин сап башында турат.

Мыйзам күчүнө киргенден тартып, жер-жерлерде атайын кеңеш берүүчү бөлүмдөр иштеп баштады. Түшүндүрүү иштери - болочок эне менен баланын өлүмүн кыскарта алат-дейт, адистер.

Өткөн жылы Ош аймагында өспүрүм курактагы 97 кыз көз жарган. Канчалык аракеттерге карабай, өлкөдө эне менен баланын өлүмү, ара төрөлгөн балдар боюнча көрсөткүч жыл сайын өсүүнүн үстүндө. Мындай көрүнүш өзгөчө Өзгөн менен Ноокат райондорунда көп кезигет.