Жаңылыктар
Түп-Кеген жолунун курулушу кайрадан жанданат
Экономика
Түп-Кеген жолунун курулушу кайрадан жанданат

Быйылкы жылы стратегиялык мааниси бар эл аралык Түп-Кеген жолунун курулушуна, республикалык бюджеттен 27 миллион сом бөлүнөт. Бул каражатка, мурда бүткөрүлбөй калган 39 чакырым жолдун айрым бөлүктөрүнө, экинчи катмар асфальтты жаткыруу пландалууда. 

Мындан сырткары, Дүйнөлүк банктан дагы каражат берилет. Ага 39-чакырымдан ары, 76-чакырымга чейинки жолдогу курулуш иштерин жүргүзүү пландалууда. Кыргыз өкмөтү белгилеген иш планга ылайык, бул эл аралык каттамды, эки жыл аралыгында бүткөрүү мерчемделди. Эске сала кетсек, бул каттамда капиталдык курулуш иштери 2008-жылдан бери жүрүп жатат.

"Дүйнөлүк банктан келе турган каражатка жолду эки жылда бүткөрүү милдеттемеси коюлду. Бул жолдун 39 - чакырымына чейин мурда үчүнчү категориядагы жол болчу. Эми жаңы долбоорго ылайык 4- категорияга өткөрүү пландалууда. Ага ылайык жолдун жазылыгы 12 метрге чейин арып калат",- деди №4 жол тейлөө ишканасынын башчысы Ырысбек Исмаилов.