Жаңылыктар
Нарын облусуна Памирлик кыргыздар келет
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын облусуна Памирлик кыргыздар келет

Кыргызстанга келе турган памирлик кыргыздар Нарын облусунун беш районуна жайгаштырылмай болду. Учурда жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен бул багытта иштер башталды. Памирлик кыргыздар апрель-май айларында келери күтүлүүдө.

Памир кыргыздары чек арага жакын тоолуу аймактарга жайгаштырылып, Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын, Кочкор, Жумгал райондоруна экиден үй-бүлө барат. Акимдер, айыл өкмөттөр, жергиликтүү эл менен сүйлөшүп, кайсы айылга жайгаштырууну өздөрү ылайыкташтыраарын облус башчысы Аманбай Кайыпов билдирди. 

Облус башчынын айтымында, алар жашай турган турак жайдын ижара акысын өкмөт төлөп берет. Памирлик кыргыздар Кыргызстанга келгенден кийин, эки айга чукул Нарын шаарынын өзүндө эки айлык адаптациялык мөөнөттөн өтөт. 

"Алар май айында келет деп пландалууда. Нарын шаарында мурда жатак мектеп болуп, азыр Үсөн Асанов атындагы лицей болуп өзгөргөн окуу жай бар. Окуучулар каникулга кетип имарат бошоп калат. Ошол жерде эки ай ичинде көнүштүрүп, медициналык кароодон өткөрүп, биздин жашоо-шартыбыз менен тааныштырууну пландап жатабыз. Андан кийин райондордогу үйлөргө жайгаштырсак деген тилектерибиз бар", — деди Кайыпов. 

Миграция кызматынын маалыматына ылайык, учурда Памирде 2100 жакын этникалык кыргыз жашап жатат. Негизинен кыргыздар Улуу Памир менен Кичи Памирди жердешет.