Жаңылыктар
Саламат Садыкова ТҮРКСОЙ сыйлыгына татыды
Маданият
Саламат Садыкова ТҮРКСОЙ сыйлыгына татыды

ТҮРКСОЙ уюмунун «Ардак» ордени Кыргыз Эл артисти Саламат Садыковага ыйгарылды. Жалпы Түрк дүйнөсүнүн алкагында жараткан өзгөчө чыгармачылык ийгиликтери үчүн жана 60 жылдык юбилейине карата Саламат Садыкова ТҮРКСОЙдун «Ардак» ордени менен сыйланды. 

Буйрукка Түрк маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙ баш катчысы Дүйсен Касеинов 10-мартта кол койгон. Өткөн жылы түрк дүйнөсүндөгү кинону өнүктүргөнү жана үзүрлүү эмгеги үчүн кыргызстандык режиссер Болотбек Шамшиевге ТҮРКСОЙдун алтын медалы ыйгарылган.