Жаңылыктар
Казакстан Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтөт
Экономика
Казакстан Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтөт

Эми Казакстан ЕАЭБге интеграциялануу алкагында Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу 13-мартта Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин отурумда белгилүү болду. 

Парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы “Жардам берүү жана аны пайдаланууну көзөмөлдөө” тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбооруна макулдук берди. 

Эске салсак, өткөн жумада Бишкекет өткөн Евразия өкмөттөр аралык  кеңешинин жыйынында Казакстан Кыргызстанга 41 миллион доллар бөлөрү белгилүү болгон.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"