Жаңылыктар
Дача СУ: жардам акыйкат бөлүштүрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Дача СУ: жардам акыйкат бөлүштүрүлөт

Авиакырсыктан жабыркагандарга жардам берүү үчүн түзүлгөн бирдиктүү эсепке топтолгон каражат жана түрк компаниясы тарабынан берилүүчү компенсация акыйкат бөлүштүрүлөт. 

Мындай маалыматты биринчи вице-премьер-министр Мухамедкалый Абулгазиев учак кырсыгынан жабыркаган Дача СУ конушунун тургундары менен жолукканда билдирди. Буга чейин айрым маалымат каражаттары Дача СУ айылынын тургундары митингге чыкканы жатканын кабарлашкан. Жолугушууга келген өкүлдөр, нааразычылык акциясын өткөрүүгө негиз жок экенин билдиришти.