Жаңылыктар
Нооруз майрамына карата 4 күн эс алуу болот
Кыргызстан жаңылыктары
Нооруз майрамына карата 4 күн эс алуу болот

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эс алуу жана жумуш учуруна туш келип калган майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында жумуш күнүн которуу жөнүндөгү токтомго кол койду. 

Ага ылайык, 21-март Нооруз майрамын майрамдоого байланыштуу ишканалардын, мекеме-уюмдардын жана жумасына 5 күн  иштеген кызматкерлердин 20-марттагы жумуш күнү, ишемби 25-марттагы жумуш эмес күнүнө жылдырылды. 

Ошентип, Кыргызстандыктар 18-19-20 жана 21-март күндөрү катары менен эс алышат.