Жаңылыктар
Жашы жете электердин никеге туруу фактылары арбыды
Кыргызстан жаңылыктары
Жашы жете электердин никеге туруу фактылары арбыды

Жашы жете электерди никеге турууга тыюу салган мыйзам долбоору өткөн жылдын ноябрь айында кабыл алынган эле. Долбоордо мыйзамдарды бузган кыздын ата-энесине, дин кызматкерлерине никеге туруп  жаткан жаштарга үч жылдан беш жылга чейинки эркинен ажыратуу каралган. А бирок  андан секелектердин никеге турган фактылары азайбай тескерисинче Ош облусунда  ар бир жетинчи үй-бүлө 18 жашка чейинкилерден куралып жатат. 

Акушер-гинеколог Кишимжан Мурзакулова андай көрүнүштүн жыйынтыгында балдардын имунитети туруксуз келип түрдүү орууларга чалдыгуусуна алып келээрин эскертет.Талдоочулар эрте никеге тургандарга иштелип чыккан мыйзам калкка жайыла элек дешет. Ошондуктан эселектер арасында үй-бүлө кургандарга бөгөт кою үчүн коомчулук жапа тырмак аракет кылуу керектигин эскертип келишет. Тагыраагы ар бир райондогу милиция кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары жана аялдар кеңеши жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы бар. “Аялдар тынчтык банкы” коомдук фондунун жетекчиси Гүлсана Абытова айрыкча молдолорго ошол мыйзамды жеткирүү керектигин айтат.

Белгилей кетсек, жаш курактагыларга нике кыйгандар боюнча абал Ноокат, Араван жана Кара-Суу райондорунда күч. Мындан улам ушундай жыйындар аталган райондордо жыл сайын уюштурулуп турат. Ошондой эле мажбурлап никеге туруу боюнча кеп кеңештер айтылат.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио", Ош шаары