Жаңылыктар
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы жаңы унаалуу болушту
Ден соолук
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы жаңы унаалуу болушту

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына жаңы мобилдүү клиника автоунаасы алынып келди. Мобилдүү клиника ВИЧ/СПИД, сифилис илдеттери жана сарык оорулары боюнча жеринде анализ чыгарат. Анда УЗИ аппараттары, экспресс лаборатория камтылган. Гинекологиялык текшерүүлөр болот. 

Эми алыскы райондорго чыгып, текшерүүлөр жүргүзүлөт. Аталган автоунаа саламаттыкты сактоо министринин демилгеси менен Россиядан «СПИД инфосвязь ЮНЭЙДС» долбоору аркылуу алынган. 

Белгилей кетсек аталган унаа торт бөлмөдөн туруп,анын ичи зарыл шартта чакан операцияларды жасоого ылайыкташкан.Адистердин билдирүүсүндө мындай клиникалар облустун алыскы тоолуу аймактарына өзүнчө керек.

Талгат Бакиев, "Биринчи радио"