Учурда өлкө аймагындагы 749300 гектар аянтты сугат суусу менен камсыз кылуу аракети башталды. Мындай демилгени колго алууга республикадагы 486 суу пайдалануучулар ассоциацияларына өкмөт тарабынан ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп, бир катар заманбап техникалар сатылып берилген.
Быйылкы жылы ирригация өнөктүгү маалында сугат сууга болгон таңсыктык жаралбайт дешет адистер. Анткени, суу сактагычтарда суунун топтомунун деңгээли арбын. Бул быйылкы жылыбыз айыл чарбасы үчүн берекелүү жыл болот деген кабар берет.
Кадыр Калилов, "Биринчи радио"