Жаңылыктар
Кыргыз тили Google Translate котормо системасына кошулду
Билим
Кыргыз тили Google Translate котормо системасына кошулду

Кыргыз тили Google Translate электрондук котормо системасына кошулду. Коомдук демилгечи  Чоробек Сааданбектин  айтуусунда, 1 миллион сөз айкашы жана сүйлөм англис жана орус тилдеринен кыргызчага которулду. 

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында өкмөт  бул долбоорду колдоого 1 миллион 340 сом берген. Аталган электрондук сөздүктө 100дөн ашуун тилдер бар.

 Эскерте кетсек, "Википедиянын" кыргыз тилиндеги барагы да бар. Ачык жана бекер интернет энциклопедиясыда  кыргызча барагында да соңку жылдары бир кыйла ийгиликтер камсыз кылынды. Кыргызча википедиялык барак сөздүктүк макалалардын саны жылдан жылга көбөйүүдө.