Жаңылыктар
Ат-Башыга жааган калың кар элди оор абалга калтырды
Кыргызстан жаңылыктары
Ат-Башыга жааган калың кар элди оор абалга калтырды

Үч күн бою тынбаган катуу шамал Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылындагыларды оор абалга калтырды. Мындай жаратылыш кырсыгынын кесепетинен кээ бир үйлөр кар күрткүлөрдүн курчоосуна кептелди. Ал эми аларды тазалоого керектүү кубаттуу техникалар бул жерде жок болгондуктан, ак муздуктар өз арбайын өздөрү согууда.

Акмуздуктардын айтымында, катуу шамал аралашкан аяздуу кыш мындан беш жыл мурун да байкалган. Ошондо да азыркыдай кар күрткүгө толуп, андан толук арылуу бир топ эле убакытты алган. Бул жолку кар андан дагы калың болгондуктан аны тазалоого айыл өкмөтүнүн чамасы чак болуп турат.