Жаңылыктар
Ак- Ордо конушуна электр көмөк чордону орнотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Ак- Ордо конушуна электр көмөк чордону орнотулду

Жаз алды менен Бишкектеги Ак-Ордо жаңы конушунун жашоочуларына жакшы жаңылык. Эми андагылардын электр жарыгы өчпөйт. Тагыраак айтканда, конушка 10 миңден ашык үйдү тейлей турган электр көмөк чордону орнотулду.

Мындан тышкары электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн кошумча электр чубалгылары тартылды. Тагыраак айтканда, “Ала-Арча” подстанциясынан баштап “Ак-Ордо” электр көмөк чордонуна чейин узундугу 8 чакырымга созулган кубаттуулукка чыдамдуу зым тартылды.