Жаңылыктар
Камбар-Ата- 2 ГЭСине каражат табылды
Экономика
Камбар-Ата- 2 ГЭСине каражат табылды

Кыргызстан Камбар -Ата-2 ГЭСи үчүн Евразия өнүктүрүү банкынан 110 миллион доллар насыя алат. Каражат гидро электростанциянын экинчи агрегатын ишке киргизүүгө жумшалмакчы. Тиешелүү келишимге Каржы министри Адылбек Касымалиев менен Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Дмитрий Панкин кол коюшту. 

Насыяны алуу шарттары макулдашууну Жогорку Кеңеш ратификациялагандан кийин аныкталат. Экинчи агрегат 240 МВт кубаттуулукка ээ.